Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Чек ара кызматы Ак-Сайдагы кошумча аскерлердин чыгарылышын түшүндүрдү


Баткендеги Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын ортосундагы аймакка көзөмөл кылып келаткан кошумча аскерлер чыгарылды. Кырдаал жөнгө салынды деген негиз менен Чек ара кызматы 26-июлда ушундай чечимге келген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Аймакты көзөмөлдөөчү кошумча аскер акыркы ирет 10-июлдагы Ак-Сай чатагынан кийин киргизилген.

Буга чейин Ак-Сай айылынын тургундары кошумча чек арачылардын чыгарылышына нааразылыгын билдиришкен эле.

Баткендеги Ак-Сай айылы Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешет. Чек аранын так эместигинен улам бул аймакта маал-маалы менен чатактар чыгып турат. Акыркы жаңжал 10-июлда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG