Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Палестиндер жана Израил эки башка талабын айтышты


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 28-июлдагы кезексиз жыйынында Газа тилкесиндеги ок атууларды “тез жана эч кандай шартсыз” токтотууга үндөгөн кайрылууну бир добуштан колдоду. Кайрылуу Израилди жана ХАМАС уюмун гуманитардык жардам өткөрүү үчүн “Айт күндөрү жана андан кийин” урушту толук токтотууга жана ок атышпоонун шартын бекем аткарууга чакырат.

Гуманитардык элдешүү өтө зарыл товарларды Газага жеткирүү үчүн керек.

Палестин автономиясынын БУУдагы элчиси Рияд Мансур 28-июлда Улуттар уюмунда сүйлөп, Израил өз армиясын Газадан чыгарып кетүүсү зарыл деди:

- Израил гуманитардык элдешүүнү сыйлап-урматтайбы, же биздин элге каршы агрессиясын уланта береби, анысын эми көрөбүз. Албетте, алар Газа тилкесинин бир бөлүгүн басып алды. Алар бул жерлерден токтоосуз чыгып кетүүгө тийиш.

Өз кезегинде Израилдин өкүлү Рон Просор ХАМАС чабуулду токтотуудан баш тартып жатканын баса белгиледи:

- Биз бул чатакты болтурбоо үчүн баарын жасадык. Бирок ХАМАС чабуулун токтотуудан баш тартты. Израил беш жолу ок атууну токтотуп элдешүүгө макулдук берди. ХАМАС андай сунуштан баш тартты, атүгүл өзү талап кылган шартты бузду.

Израил жана Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС акыркы эки күндө бир нече жолу ок атышууну токтоткон. Үч жумадан берки согушта 1030 палестиналык жана 45 израилдик, көпчүлүгү солдаттар, курман болду.

XS
SM
MD
LG