АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айымды Өзбекстанга элчи кылып дайындоо чечимин бекитүү сунушун Ак үй дүйшөмбү күнү сенатка жиберди. Спратлен Кыргызстанда 2011-жылдан бери элчи болуп иштейт. Ал эми Ташкендеги элчиликти үч жылдан бери Жорж Крол башкарчу.
Памела Спратлен буга чейин Орусияда, Европада жана бир катар постсоветтик аймактарда дипломатиялык кызматтарды аркалаган. (SE)