Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Мэрия иш таштаган айдоочулар бүгүн жумушка чыгарын билдирди


Жол акысын көтөрүүнү жана эреже бузган айдоочуларга айып пулду көбөйткөн жаңы мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып дүйшөмбүдө Бишкекте иш таштаган маршруттук унаа айдоочулары бүгүн жумушка чыгышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов билдирди.

Анын айтымында, кечээ айдоочулардын талаптары боюнча Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги жана айдоочулардын башчылары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жакын арада бул маселени чечүү жолдорун иштеп чыгууга макулдашылды.

Бирок маршрут унааларынын жумушу жанданганы байкала элек.

28-июль күнкү иш таштоого байланыштуу Бишкекте автобус менен троллейбустар гана эл ташыды.

Баш калаада жалпысынан 120 каттам боюнча 2600дөн ашык маршруттук кичи автобус иштейт. Аларга жүргүнчүлөр күндүз 10 сомдон, кечкисин 12 сомдон төлөшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG