Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атыканов билдирди. Анын айтымында, Европа Өнүктүрүү банкынын жардамы менен буга чейин шаарга 79 жаңы троллейбус сатып алынган. Учурда дагы 100 троллейбусту сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
Атыканов Бишкек кичи автобустардан кызматынан баш тартуу үчүн 1000ге жакын автобус сатып алышы керек, бирок азыр мэриянын мындай мүмкүнчүлүгү жок деди.
Кечээ Бишкекте маршруттук каттамдагы кичи автобустардын айдоочулары иш таштаган. Алар акция аркылуу бийликтен жол кире акысын көбөйтүүнү, жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көбөйткөн жаңы мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышты. Мэрия айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бүгүн алар жумушка чыгаарын убада кылган. Учурда шаарда каттамдагы кичи автобустар толук иштешкен жок. (BkA)