Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Президент Атамбаев ЖККУ баш катчысын кабыл алды


Президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздукту сактоо боюнча ЖККУнун алкагында аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Бүгүн Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн “Майтарылгыс боордоштук” деп аталган машыгуусу башталды. Аскерий машыгууга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, жана Тажикстандын 700гө жакын аскери катышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG