Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

АКШ: Орусия өзөктүк ракета келишимин бузду


АКШ өкмөтү Орусияны өзөктүк ракеталар боюнча 1987-жылкы келишимди “өтө олуттуу” бузганы үчүн айыптоодо.

Ак үйдөгү расмий өкүлдөрдүн айтымында, президент Барак Обама Вашингтондун мындай турумун президент Владимир Путинге кечээ жазган катында билдирди.

Америкалык тараптын ырастоосунда, Орусия канаттуу баллистикалык ракеталарды сыноо менен мындан 27 жыл мурда АКШнын ал кездеги президенти Рональд Рейган менен совет лидери Михаил Горбачев кол койгон келишимди бузду.

Ал келишим 500дөн 5500 чакырым аралыкка чейин учуучу жана кургакта жайгашкан ракеталарды жок кылууну максат кылган эле.

АКШ Орусия келишимди бузуп жатышы ыктымалдуулугун буга чейин да айтып келген, бирок расмий айыптоо менен алгачкы ирет чыкты. Москва Вашингтондун айыптоосуна азырынча жооп кайтара элек. (UE)

XS
SM
MD
LG