Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Палестин топтору 24 саатка ок атышууну токтотууга даяр


Газадагы башкы электр станцияга снаряд тийгенден кийинки көрүнүш. 29-июль, 2014-жыл.
Газадагы башкы электр станцияга снаряд тийгенден кийинки көрүнүш. 29-июль, 2014-жыл.

Мындай чечим палестин жетекчилиги, ХАМАС жана “Исламчыл жихад” уюмдарындагы лидерлердин консультациясынан соң кабыл алынганын Палестинанын боштондук уюмунун башкатчысы Яссер Абед Раббо жарыялады.

Анын айтымында, палестин топтору 24 саатка гуманитардык максатта ок атышууну токтотууга даяр.

Израиль бул сунушка азырынча жооп бере элек.

Урушту токтотуу боюнча буга чейинки түрдүү аракеттерден майнап чыккан эмес.

Палестиналык өкүлдөр билдиргендей, израилдик танктан атылган снаряд отун бункерине тийген соң бүгүн Газа шаарындагы жалгыз электр станция иштен чыкты.

Ал эми дарыгерлердин маалыматына караганда, Израилдин бүгүнкү аба соккуларынан эле өлгөндөр саны 100ге жетти.

Төртүнчү аптага аяк баскан операция башталгандан бери 1100дөн ашуун палестиналыктын, көбүнесе жайкын тургундардын өмүрү кыйылып, миңдегендери жаракат алды.

Израиль 53 аскерин, үч жаранын жоготту. Соңку беш аскерди өлтүрүү үчүн Газадагы согушкерлер туннелди пайдаланышкан.

Израиль операциясын ХАМАСтын ракета атууларынан жана туннелдер аркылуу кол салуусунан коргонуу деп түшүндүрүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG