Бул тууралуу Палестинанын боштондук уюмунун башкатчысы Яссер Абед Раббо билдирди. Мындай чечим палестин жетекчилиги, ХАМАС жана “Исламчыл жихад” уюмдарындагы лидерлердин кеңешмесинен соң кабыл алынган.
Ок атууну убактылуу токтотуу айрым булактарда 48, кээ маалыматтарда 24 саатка созулары айтылууда.
Израил өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху дүйшөмбүдө теледен сүйлөп жатып ХАМАС мүчөлөрү куралдарын таштамайынча соккулар токтотулбай тургандыгын эскерткен жана узакка созулган күрөшкө даяр болуу зарылдыгын айткан.
Газа тилкесинде 8-июлдан бери уланып жаткан согушта 1100дөн ашуун палестиналыктын өмүрү кыйылды, көпчүлүгү жайкын тургундар. Дагы миңдеген кишилер жаракат алды. Израиль 53 аскерин жана үч жаранын жоготту.
Израил операциясын ХАМАСтын ракета атууларынан жана туннелдер аркылуу кол салуусунан коргонуу деп түшүндүрүүдө. БУУ баш катчысы Пан Ги Мун, АКШ президенти Барак Обама баш болгон чет элдик лидерлер израил премьери Нетаняхуну куралдуу чабуулдарды токтотууга чакырып келет.