Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

“Кудайбергендин" ишкерлери кайрадан акция өткөрүштү


“Кудайберген” базарында иштеген чакан ишкерлер ижара акынын кымбаттыгына кайрадан нааразылык билдирип чыгышты. Соодагерлер базар ээсин июнь айынан бери коюлуп жаткан талаптарга маани бербей, тескерисинче каршылык билдиргендерди куугунтуктап жатат деп жатышат.

Базардын ээси Элвира Сурабалдиеванын айтымында, соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөн. Андан бери жерге салык беш эсе жогорулады. "Кудайбергенде" иштөөнү каалабагандар башка жактан орун издесе болоорун Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган болчу.

"Кудайберген" базары Кыргызстандагы чет өлкөлүк автоунааларды жана автоунаа тетиктерин сатуучу ири базар катары таанымал. (UEz)

XS
SM
MD
LG