АКШ Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдоого алганы үчүн Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти. Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама 29-июлда Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө “бул күн АКШ бийлигинин дүйнө жүзүндөгү адамдардын эркиндиги жана укуктарын коргоо үчүн эл аралык коомчулуктун башын кошуу боюнча убадасынын артында дал ошондой аракет бар экенин эскерткен күн катары эсте калат” деди.
Буга чейин Еврошаркет Орусияга каршы санкциясын кеңейтүүнү макулдашкан. Ага ылайык, орусиялык банктардын каржы базарына кирүүсүн, Европадан курал жана товарларды сатып алышын чектеген. Обама Еврошаркет менен биргеликте ишке ашкан акыркы санкциялар олуттуу жыйынтык берээрин билдирди. АКШнын Финансы министрлиги 29-июлда Орусиянын үч банкын жана кеме куруучу компаниясын "кара тизмеге" киргизди.