Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Тажикстанда оппозициялык саясатчы 5 жылга кесилди

Тажикстандагы оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Саодатшо Адолатов 5 жылга кесилди. Мындай чечимди Тоолуу Бадахшандын Ванж райондук соту чыгарды. Адолатов диний жана улут аралык кастыкты козуткан деп табылды. Саясатчы быйыл 14-апрелде камалган эле. Бирок партиянын лидерлери бул иштин саясий мүнөздө экенин айтып жатышат.

Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясы Борбор Азия өлкөлөрүндө парламентке шайланган жалгыз исламчыл партия.

XS
SM
MD
LG