Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Айыл чарбаны өнүктүрүүгө 20 млн. доллар бөлүнөт


Бүгүн өкмөт Евразия экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭШ) Кризиске каршы фонду берген насыяны айыл чарбасына бөлүштүрүү боюнча жыйын курат. Анда тармакка 20 миллион доллар бөлүп берүү маселеси каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фондунан айыл чарбасын өнүктүрүү жана жолдорду оңдоо үчүн насыя алуу боюнча макулдашуу быйыл мартта Жогорку Кеңеште ратификацияланган.

Кыргыз өкмөтү аталган фонддон 100 млн. доллар сурап, 2012-жылы кайрылган. Фонд берген каражаттын дагы 44 миллион доллары Бишкек-Ош жолун оңдоого жумшалмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG