Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Чек ара кызматы аскерден качкандар боюнча билдирүү таратты


27-июлда Таластагы №2029 чек ара бекетинен качып кеткен төрт аскердин иши боюнча Чек ара кызматы иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарын чыгарды. Маалыматка ылайык, чек ара бекетинен качкандар АК-74 үлгүсүндөгү автоматты 50 огу менен алып качышкан.

Чек ара кызматы аталган аскерлердин кыш куюп, кара жумушта иштегени мыйзамга каршы келбей тургандыгын билдирди. Алар мындан сырткары аскерлер дүкөнгө өздөрү үчүн жер-жемиш, таттуу суусундуктар үчүн карыз болгонун, чек ара кызматы аларды тамак-аш менен толук камсыз кылганын ккошумчалайт.

Кызматын таштап качкан аскерлердин энелери чек ара кызматы алардын балдарын уруп-согуп иштеткендиктен кыйноого чыдабай качууга аргасыз болгонун жүйө кармашууда. Алар кечээ Бишкекке келип нааразылык акция өткөрүшкөн.

Өз алдынча аскердик кызматын таштап кеткен төрт жигиттин иши боюнча бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө. Ата-энелеринин айтуусунда, азыр аларга жолугууга мүмкүн болбой жатат. Буга чейин аталган ишке байланыштуу иликтөөгө басым көрсөтпөсүн деген максатта Таластагы №2029 чек ара бекетинин башчысы Улан Сандыбаев убактылуу кызматтан четтетилген. (UEz)

XS
SM
MD
LG