Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Жалал-Абадда бөйрөк оорулуулар оор абалга кабылды


Облустук биргелешкен ооруканада жайгашкан бөйрөктүн милдетин аткарып, кан тазалап туруучу төрт жабдыктын экөө иштен чыгып, оорулууларды дарылоодо түйшүк пайда болду. Бул тууралуу оорукананын башчысы Аман Нуралиев бүгүн “Азатыкка” билдирди.

- 20дан ашык оорулууну дарылоодо азыр аппарат тынымсыз 5 нөөмөт менен түнкү саат 12ге чейин иштеп жатат. Бузулган жабдыкты калыбына келтирүүгө азыр мүмкүнчүлүк болбой жатат жана бул багытта саламаттыкты сакто министрлигине кат жолдогонбуз.

Ал эми бейтаптар өлүм алдында турганын, кийинки аппараттар да жарактан чыгып жатканын айтышууда. Маалыматтарга караганда, өлкө аймагында 500дөн ашуун адам гемодиализдин жардамында жашап келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG