Орусия АКШнын Москва орто аралыктагы өзөктүк ракета келишимин бузду деген айыптоосуна жооп кайтарды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин 30-июлдагы билдирүүсүндө, бул айыптоо "Вашингтондун акыркы учурдагы бардык айыптарындай эле негизсиз жана далилсиз" деп айтылган. АКШ өкмөтү шейшембиде Орусияны өзөктүк ракеталар боюнча 1987-жылкы келишимди “өтө олуттуу” бузганы үчүн айыптап чыккан. Америкалык тараптын ырастоосунда, Орусия канаттуу баллистикалык ракеталарды сыноо менен мындан 27 жыл мурда АКШнын ал кездеги президенти Рональд Рейган менен совет лидери Михаил Горбачев кол койгон келишимди бузду.
Ал келишим 500дөн 5500 чакырым аралыкка чейин учуучу жана кургакта жайгашкан ракеталарды жок кылууну максат кылган эле.
АКШ Орусия келишимди бузуп жатышы ыктымалдуулугун буга чейин да айтып келген, бирок расмий айыптоо менен алгач ирет чыкты. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен кечээ Орусия бул келишимди аткарышы керектигин эскерткен.