Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

АКШ Кытайды уйгур окумуштуусун бошотууга чакырды


АКШ Кытай бийликтерине “сепаратизм” үчүн күнөөлөнүп камалган Бээжин университетинин профессору, белгилүү уйгур окумуштуусу Илхам Тохтини камактан чыгарууга чакырды. Мамлекеттик департамент 30-июлда тараткан билдирүүдө окумуштуунун алты айдан бери камакта жатышына камтамачылыгын билдирди. Тохтинин адвокаты Ли Фанпин алты айдан бери биринчи жолу июнь айында гана окумуштуу менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал эми Тохтиге үй-бүлөсү менен байланышууга укук берилген эмес.

Тохти – Кытайдын Шиңжаң уйгур автономиясындагы саясатынын негизги сынчыларынын бири катары белгилүү. Расмий Бээжин бул региондо мусулман уйгурлардын арасында террористтик топтор көз карандысыздык каалашат деп эсептейт.

Кытайдын Шин-Жаң уйгур автоном аймагында 8 миллиондон ашык уйгур жашайт.

XS
SM
MD
LG