Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Улуттук онкология борборунда эки жылда 19 адам каза тапкан


Улуттук онкология борборунда эки жыл ичинде 18 өспүрүм жана 19 жаштагы бир жаран каза тапкан. Бул тууралуу аталган борбордун ишмердигин иликтеген комиссиянын мүчөсү Элнура Боронбаева билдирди.
Анын айтымында, 15 кишиден турган комиссия аталган борбордон көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыккан.

- Эки жыл ичинде 4 өлүмдү жашырып коюшкан. Бейтаптарга карата орой, шалаакы мамиле жасалган. Мыйзам боюнча оорулуунун тарыхы бейтаптын ар бир келишинде жаңы ачылышы керек болсо, бул жакта аны бир нече жыл колдоно беришкен. Мындай мыйзам бузуулар өзгөчө балдар бөлүмүндө көп болгон.

Аталган борбордун балдар бөлүмүн башчысы Дамира Байзакова комиссиянын бүтүмү менен кечээ иштен алынган. Ал мындай чечим атайын каралоо максатында жасалганын айтып, бүгүн маалымат жыйын өткөрдү. Байзакова өзүни күнөөсүз деп эсептейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG