Израил армиясынын аткылоосунан Газанын түштүгүндө ондогон адамдар өлдү. Бул жөнүндө Палестин бийликтери билдирди. Израил өз кезегинде палестин согушкерлерин элдешүүнү орой бузду деп күнөөлөдү. 72 сааттык гуманитардык элдешүү 1-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8де башталган болчу.
БУУ жана АКШнын ортомчулугу менен макулдашылган ок атышпоонун шарты бузулганын премьер-министр Бинямин Нетаняхунун кеңсеси тастыктады.
Газанын бийликтери маалымдашынча, Израил армиясы Газа секторунда 8-июлдан бери жүргүзүп жаткан чабуулда 1450дөн ашуун палестиналык курман болду. Израил тарап 61 жоокерин жана үч жаранын жоготту.
Израилдин билдиришинче, чабуул шаар-кыштактарды согушкерлердин ракетадан аткылоосунан токтотууну көздөйт.