Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Иса Өмүркулов акталды


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Октябрь райондук соту айыпталып жаткан мурдагы калаа башчысы Иса Өмүркуловду жана мэриянын бир катар кызматкерлерин күнөөсү далилденген жок деген жүйө менен толук актады.

Өмүркулов мэр болуп турганда шаарда Жеңиш паркынын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп айыпталган болчу. Аны менен кошо шаар башкармалыгынын бир катар мурдагы кызматкери да соттолууда. Буга чейин мамлекеттик айыпталуучулар соттон Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранышкан.

Башкы прокуратура 21-февралда Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айыбын угузган. Башкы көзөмөл органынын маалыматына таянсак, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектарга кыскарткан токтомду мыйзамсыз кабыл алган. Ал бул чечими менен Жер кодексин одоно бузуп, 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага берип салган деп айыпталууда. Башкы прокуратура маалымдагандай, Жеңиш сейил багынын чек арасы борбордун башкы планы боюнча жана деталдуу мерчемдөө долбоорунун негизинде жалпы аянты 49,92 гектар деп аныкталып, шаардык кеңеш аны 2009-жылы токтом менен бекиткен.

Иса Өмүркуловго карата кылмыш ишти 2013-жылдын 2-декабрында козгогон. Баш коргоо чарасын аныктоого өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил кат негиз болгон. Ал 4-декабрда өз ыктыяры менен кызматын тапшырган. КСДП фракциясынын мүчөсү болгон Өмүркулов баш калааны 2010-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG