Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Кытай: Шинжаңда террорчу деп 8 адам жок кылынды

Шинжаң Уйгур автоном районунда террорчу деп шектелген сегиз адам жок кылынды. Полициянын Хотан префектурасындагы рейди маалында бир адам камакка да алынганын Кытайдын өкмөттүк Синхуа агенттиги 1-августта кабарлады. Бул рейд 28-июлда бычак-союлдар менен куралданган чоң топ адамдар Яркенд шаарында жана Шинжаңда полиция бекеттерине, ошондой эле өкмөттүк имараттарга кол салгандан кийин  өткөрүлдү.

28-июлдагы тополоң кезде 100гө жакын адам жайран болгон. Сүргүндөгү уйгур группалары өлгөндөрдүн көбү уйгур улутундагылар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG