Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Ошто ири өлчөмдө маңзат сактаган жаран кармалды


Ош шаардык милиция кызматкерлери 8 килограммга жакын героинди Бишкекке алып барууга аракеттенип жаткан жергиликтүү тургунду кармады. Алдын ала түшкөн маалыматтардын негизинде, маңзат Амир-Темур кичи-районунун 32 жаштагы тургунунун үйүнөн табылган.

Атайын эспертиза баштыкка оролгон күкүмдүн героин экенин аныктады. Аны сатууга шектүү жаран шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маңзатка каршы күрөш кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында Кыргызстандын аймагында маңзатка байланыштуу 936 кылмыш иши аныкталды. Анын 738и Ички иштер органдары, 182си Маңзат көзөмөлдөө мекемеси, жетөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, төртөө УКМК, экөө прокуратура органдары тарабынан каттоого алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG