3-август күнү Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 26...31,
Баткен облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 25...30 жылуу болушу күтүлүүдө.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14 градус ысык болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 30…32 градус жылуу болот.