Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Азербайжанда дагы бир укук коргоочу кармалды


Ишемби күнү камакка алынган укук коргоочу Расул Жафаровго “мыйзамсыз ишкерлик кылган жана салыктарды төлөгөн эмес” деген күнөө коюлуп жатат. Насимин райондук соту аны үч айга камоо чечимин чыгарды. Мурдараак Жафаровдун банктагы эсеби тоңдурулуп, өлкөдөн башка жака чыгышына тыюу салынган болчу.

Жогорудагыдай эле айыптоо менен жакында эле белгилүү укук коргоочу Лейла Юсуф жана анын күйөөсү Ариф Юсуф да камакка алынган.

Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитети жума күнү Лейла Юнустун кармалышына жана Жафаровдун сыртка чыгышына тыюу салынганына тынчсыздануу билдирген. Комитет төрайымы Изабель Сантос укук коргоочуларга карата бул аракетти сындап, Азербайжан бийлиги демократияга каршы кадам шилтеп жатканын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG