Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Эбола вирусу жуккан дарыгер АКШга жеткирилди


Батыш Африкада жайылып жаткан Эбола вирусун жуктуруп алган америкалык дарыгер ишемби күнү Атлантага жеткирилди. Ал атайын жабдыктар менен камсыздалган ооруканада дарыланууда.

Христиандардын кайрымдуулук фондунун кызматкери Кент Брэнтли Либерияда иштеп жаткан болчу. Ал Эбола вирусу менен ооругандарды дарылап жүрүп, өзүнө да дартты жуктуруп алган.

Февралдан бери Батыш Африканын төрт өлкөсүндө бул илдеттен 729 адам көз жумду. Адистердин айтымында, Эбола Батыш Африкада тездик менен тарап баратканына карабастан, глобалдык эпидемияга айлануу коркунучу жок. (SE)

XS
SM
MD
LG