Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Ошту жылытуу үчүн ссуда бөлүндү


Газдын жоктугуна байланыштуу Ош шаарындагы жылуулук маселесин чечүү үчүн 261 миллион сом бюджеттик ссуда бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Каражат бөлүү боюнча буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.

Аталган акча Ош шаарындагы 4 электр буу казанын көмүр менен жылытуу системасына өткөрүүгө, газ баллондорун, электр плиталарын жана ар кыл кубаттуулуктагы трансформаторлорду сатып алып, орнотууга жумшалат.

14-апрелде Өзбекстан газ берүүнү токтоткондон бери Ош шаары көгүлтүр отсуз отурат. Натыйжада электр энергия көп сарпталып, авариялык өчүрүүлөр 20 пайызга жогорулаган. (SE)

XS
SM
MD
LG