Беттеш 2-3-август күндөрү Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү. Ага Орусия, Түркмөнстан, Кытай жана Кыргызстандын спортчулары катышып, он түрдүү салмак категориясы боюнча күч сынашты. Бул тууралуу мамлекеттик спорт комитетинен кабарлашты.
Мелдештин финалында кыргызстандык 10 мушкердин алтоо Орусиянын боксчуларын жеңип, алтын медал тагынышты. Кыргызстандын жеңишин Турат Осмонов, Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков,Сергей Паренко, Акжол Сулайманов жана Эрмек Сакенов камсыздап беришти. (SE)