Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Беларус Украинага мунайдан жардам берет


Беларустун президенти Александр Лукашенко Украинага мунай продуктуларын сатууга даярдыгын билдирди. Лукашенконун маалымат кызматы кабарлагандай, бул тууралуу Беларус президенти Украинанын президенти Петро Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирген. Анда Лукашенко “Беларус оруп-жыюу маалында бул маселенин курч экенин түшүнүп, өзүнүн муктаждыгына карабай Украинага мунай продуктуларынан жардам берерин” билдирген.

Беларус президентинин сайтындагы маалымат боюнча, 2-августта Лукашенко казак президенти Нурсултан Назарбаев менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы абалды жөндөөгө жардам берүү жолдорун талкуулаган.

Украина өлкө чыгышында орусиячыл жикчилерге каршы аскердик операция жүргүзүүдө. Ал эми Беларус менен Казакстан Бажы биримдиги жана Евразия экономика шериктештигинин алкагында Орусиянын негизги өнөктөштөрү.

XS
SM
MD
LG