Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Учак кырсыгында өлгөндөрдүн жеке буюмдары Нидерландыга жөнөтүлдү


Украинанын чыгышында кыйраган учактын курмандыктарына таандык жеке буюмдарды Нидерландыга атайын учак алып кетти. Бул тууралуу кырсыкты изилдеп жаткан комиссиянын маалымат кызматы билдирди. Учакта айрым жүргүнчүлөрдүн дене калдыктары жана ДНК материалдары бар. Жакынкы күндөрү мындай учактын дагы бир нечеси Нидерландыга жөнөтүлөөрү күтүлүүдө.

Издөө иштерин жүргүзүп жаткан эл аралык топтун жетекчисинин маалыматы боюнча, акыркы күндөрү полиция жана эксперттер алты чарчы чакырым аймакты карап чыгууга жетишти. Издөө учурунда кырсыкта курман болгондордун бир топ жеке буюмдары табылган.

Орусиячыл жикчилдер 17-июлда атып түшүрдү деп шектелген Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан малайзиялык авиалайнерде 298 адам болгон.

XS
SM
MD
LG