Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Ооганстан: Абдулланын өкүлдөрү добуш санакка катышты


Ооганстанда президенттикке талапкер Абдулла Абдулланын өкүлдөрү шайлоо жыйынтыгын чыгаруу боюнча эсептөөлөргө кайрадан катыша баштады. Бул БУУ жана Ооган шайлоо комиссиясы менен сүйлөшүүсүнөн соң ишке ашты.

Өлкөнүн көз карандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлү Нур Мухаммад Нурдун маалымдашынча, бүгүнкү добуш санакка Абдулланын өкүлдөрү катышты. Ага чейин анын тарапкерлери добуш санакка катышуудан баш тарткан.

14-августта өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы боюнча добуш санак талапкер ортосундагы кайым айтыш күчөгөндөн өткөн айда токтоп калган. Абдулла шайлоо бурмалоо менен өтүп, атаандашы Ашраф Ганинин пайдасына чечилгени жатканын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG