Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

Бүгүн биометрика боюнча тендердин жеңүүчүсү маалымдалат


Биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерде утуп алган компания аныкталды. Атайын комиссия ылайыктуу чет элдик фирманы тандады. Ал кайсы компания экени бүгүн маалымат жыйыны аркылуу кабарланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тендер эки тур менен өттү. Биринчиси июнь айында болуп, ага 16 компания катышкан. Экинчи тур июлдун соңунда өтүп, чет элдик 6 компания катышты. Алардын арасында Франциядан 3, Монголия, Нидерланд жана Германиядан бирден фирма бар. Компаниялар биометрикалык жабдыктарды алып келүү үчүн өз сунуштарын беришкен.

Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында биометрикалык паспорт үчүн маалыматтарды топтоо 31-августтан тарта башталары белгиленген. Бул үчүн өкмөт 260 млн. сом каражат тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG