Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Аскар Акаев Кыргызстанга келбей калды


Аскар Акаевдин уулу Илим Кыргызстанга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

Илим Акаев "Манас" аэропортунда. 5-август, 2014.

Мурдагы президент Аскар Акаев бир тууган агасынын тажиясына келиши күтүлүп жаткан. Бирок анын ордуна уулу Илим Акаев келди.

Бүгүн эртең менен Аскар Акаев Кыргызстанга келер-келбеси так эместиги айтылып жаткан. Түшкө жуук анын келбей калганы белгилүү болду.

Ошентип мурдагы президент эки күн мурда, 82 жашында дүйнө салган бир тууган агасына топурак сала албай калды. Болот Акаевдин сөөгү бүгүн Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Тажияга анын туугандарынан сырткары Аскар Акаев өлкөнү бийлеп турганда жогорку кызматтарда иштеген Осмонакун Ибраимов, Кубанычбек Жумалиев, Курманбек Осмонов сыяктуу адамдар катышты. Ал эми Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнөн болгону кенже уулу Илим гана жүрдү. Ал Бишкекке бүгүн эртең менен келген.

Мурдагы президенттин дагы бир агасы Асанкул Акаев "Азаттыктын" кабарчысына иниси Аскар Бишкекке келүүгө болушунча аракет кылганын, бирок андан майнап чыкпай калганын билдирди. Анын айтымында, бул боюнча өтүнүчкө өкмөт тиешелүү жооп бербей, коопсуздук маселесинен улам иниси Кыргызстанга келбей калды.

Аскар Акаев агасына топурак сала албады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

2005-жылы 24-мартта элдик толкундоодон улам бийликтен кулаган Аскар Акаев бир тууганынын жаназасына катышуу үчүн Бишкекке жол тартканы жатканын кечээ анын жакын санаалаштары ишенимдүү айтып жаткан. Мындай сөздөрдөн соң Башкы прокуратура Акаев Кыргызстанга келсе бир катар кылмыш иштери боюнча суракка алынышы мүмкүн экендигин эскерткен. Канткен менен мурдагы президенттин келер-келбеси тууралуу кептер кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга, талаш-тартышка жем таштады.

Акаев 2005-жылы бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Учурда Москвада жашайт. Март ыңкылабынан соң туңгуч президентке карата кылмыш иши ачылып, кийинчерээк токтотулган. 2010-жылы анын кол тийбестик макамы алынган.

XS
SM
MD
LG