Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Аскар Акаевдин Кыргызстанга келбегени дайын болду


Мурдагы президент Аскар Акаев агасы Болоттун тажиясына катышкан жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы президенттин дагы бир агасы Асанкул Акаев билдирди. Анын айтымында, иниси Аскар Бишкекке келүүгө болушунча аракет кылды. Бирок бул боюнча өкмөт тиешелүү жоопту бербей койду. Ошондуктан, коопсуздук маселесинен улам Кыргызстанга келген эмес.

9 жыл мурун бийликтен кулаган Акаев бир тууганынын жаназасына катышуу үчүн бүгүн таң эрте Кыргызстанга өзү келерин анын жакын адамдары кабарлашкан болчу. Бирок бүгүн эртең менен анын кичүү уулу Илим гана “Манас” аэропортуна келип түшкөнү белгилүү болгон.

Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат агенттиктери баш прокурор Аида Саляновага таянып, Аскар Акаев Кыргызстанга келе турган болсо, укук коргоо органдары бир катар суроолор менен кайрыла турганын жазып чыккан эле. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG