Жусуп Мамайдын алгачкы биографиясы жарык көрдү
Сыябан талкуубуз кытайлык манасчы, быйыл торколуу 95 жашка чыккан Жусуп Мамайдын Кыргызстанда жаңы жарык көргөн алгачкы өмүр баянына арналды. Талкууга бул китептин автору, эркин журналист, акын Субакожоева Чолпон жана «Манас жаңырыгы» радиотелекомпаниясынын жетекчиси, манас таануучу Токтогазиев Темирбек катышты.