Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Кадырлуу китеп кароосу Бишкектен кийин Бакуда өтөт


Кадырлуу китеп кароосу Бишкектен кийин Бакуда өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:48 0:00

Ачык Борбор Азия китеп форуму жана адабият фестивалы (Open Central Asia Book Forum and Literature Festival). Мына ушундай узун аталыштагы иш-чара былтыр күздө Бишкекке көптүлүктүн көңүлүн бурдурган эле. Себеби лондондук басмакана, медия уюмдар уюштурган фестивалга АКШ, Мозамбик, Канада, Россиядан бери акын-жазуучулар катышкан. Чет жактардагы кыргыздар, Кыргызстанда жашаган чет элдиктер да өз чыгармаларын эл аралык жүринин кароосуна койгон. Былтыркы башкы сыйлыкты алган ташкендик жазуучунун «Ортоңку ааламдын кудайлары» деген повести азыр Британияда англис тилинде басмага даярдалууда. Ал эми быйылкы экинчи фестивал келерки айда Азербайжанда өткөнү жатат. Аны 3-майда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева салтанаттуу ачмакчы. Жаңыл Жусупжан фестивалдын уюштуруучусу Марат Ахмеджанов менен телефондон байланышты. Сүрөттө Ажмеджанов ортодо, Бишкекте 2012-жылдагы фестивалдан сүрөт.

XS
SM
MD
LG