Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Бөтөн эл-жерде дайынсыздар арбыды (1-бөлүк)


Бөтөн эл-жерде дайынсыздар арбыды (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:57 0:00
Түз линк

Кыргызстанда жыл башынан берки эки айда 267 киши жакынын издеп милицияга кайрылган. Дайынсыз деп издөө салынгандардын саны былтыркы январь, февралга салыштырмалуу 27ге көп катталган. Мындан сырткары миңдеген кыргызстандыктар чет өлкөлөргө чыгып кетип жаткандыктан, бөтөн эл-жерде дайынсыз болуп кеткендердин саны арбууда. Азаттык радиосу ВИD телекомпаниясы, эл аралык "Мир" радиосу менен бирге “Жди меня” – “Издейм сени” деген долбоорду ишке ашырууда. Долбоор Кыргызстандан сыртка чыгып кетип, дайын-дареги табылбай калган мекендештерибизди издеп табууга көмөктөшүүнү максат кылат. “Өңүт” берүүбүздү дайынсыздарды издөөнүн Кыргызстандагы жана чет элдик тажрыйбасына арнадык. Программаны Бишкектен Азиза Култаева, Прагадан Гүлайым Ашакеева менен Аида Касымалиева даярдады. Баткенден Жеңиш Айдаров менен Оштон Эрнест Нурматов көмөктөштү.

XS
SM
MD
LG