Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Өңүт: Укук менен коопсуздуктун тиреши


Өңүт: Укук менен коопсуздуктун тиреши
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:48 0:00
Түз линк

Июнь айынын башында АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинде (NSA) иштеген 29 жаштагы Эдвард Сноуден жашыруун эки программа тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарып жиберген. Терроризмге каршы чараларды күчөтүүнү максат кылган программаларга ылайык, анын айтымында, жеке адамдардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап, интернеттеги маалыматтар алынып турат. АКШ бийликтери интернет компаниялардан чет элдик кардарлары тууралуу маалымат алганын тастыктады жана жашыруун электрондук көзөмөлдөө  программасы жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгып кетүүсү өлкөнүн коопсуздугуна орчундуу зыян келтирээрин белгиледи. Укук коргоочулар болсо жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү адам укуктарын одоно бузуу болуп саналаарын айтып сындашууда. Кыргызстанда да телефондорду тыңшоо маселеси бир топ талаш жаратып келатат. "Өңүт" түрмөгү бүгүн ушул темага арналат. Авторлор: Айнура Жекше кызы, Кубанычбек Жолдошев

XS
SM
MD
LG