Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Чек арачылардын катаал аракеттери эмнеден кабар берет?


please wait

No media source currently available

0:00 0:18:43 0:00
Түз линк

Ушул июль айында Борбор Азиядагы бир катар чек араларда локалдуу жаңжалдар, адам өлүмү менен коштолгон инциденттер катталды. Айдын башында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда казак тарапка кетчү суу каналынын жабылышы, айдын ортосунда Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз-өзбек чек арачыларыларынын атышы, өзбек-тажик чек арасында бир аялдын атылышы региондо көптөн бери ийгиликсиз уланып келаткан чек араны делимитациялоо маселесин кайрадан күн тартибине койгондой болду. Өзгөчө, кыргыз-өзбек чегин коргогондордун чыры эки тараптуу айыптоолорго жем таштаганы кооптуу абалды түзгөнү айтылууда. Ал арада айрым байкоочулар кыргыз-өзбек жана тажик-өзбек чек араларында акыркы айларда чекти коргогондор тарабынан адам өлтүрүүлөрдүн көп каттала баштаганы кооптонууну күчөткөнүн айтышат. “Өңүт” апталык программабыздын бул жолку чыгарылышында кабарчыларыбыз Төрөкул Дооров менен Жеңиш Айдаров мунун канчалык чын экенине кызыгышкан.

XS
SM
MD
LG