Дин жана турмуш: Протестант кыргыздар
Кыргызстан дин эркиндигин жарыялаган өлкө. Бирок диний азчылыктардын укуктары дайыма эле жетиштүү корголо бербейт. Бул тууралуу бир катар облустарды жана шаарларды кыдырып, протестант кыргыздар арасында изилдөө жүргүзүп келген илимпоз-окумуштуу, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Назира Курбанова билдирди. Изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктарын сурап, окумуштууга кабарчыбыз Заирбек Бактыбаев суроо узаткан.