Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Жетим комузчу


Жетим комузчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:53 0:00
Түз линк

Саим Мулласа Ооганстандын Памиринде туулуп, азыр Түркиянын Улуу Памир айлында жашайт. Көк бөрү тартам деп бир манжасын кокустатып алган. Атасы да чоң комузчу болгон, бирок кыйышпас досун советтик аскерлер кармап кеткенден кийин, комузду таштап койгон. Памирде комузду өзү үйрөнгөн Саимдин өнөрүнө Түркияда кыргыздардын жаш мууну кызыкпайт. Өзүнүн да комузу жок. Бабалардан калган уникалдуу памирлик кыргыз күүлөрү өз мууну менен кошо жоголоорун ойлогондо кабыргасы кайышат, бирок эч арга көрбөйт. Комузу жок комузчуга анын жаңы мекенинде Жаңыл Жусупжан барып жолукту.

XS
SM
MD
LG