Кайталангыс Бакен
Кыргыздын таланттуу актрисасы Бакен Кыдыкеева тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Мындан 20 жыл мурун, кыргыз сахнасында, экранында укмуштуудай ойногон ролдору менен элди таң калтырып, суктантып келген улуу актрисабыз Бакен Кыдыкеева, өткөөл мезгилдин оор жылдарында эң бир трагедиялуу күтүүсүз өлүмү менен да коомчулукту бир селт эткизип ойготуп кеткен эле.