Cыябан: Темир Жусупбеков
“Сыябан” түрмөгүнүн коногу "Азаттыктын" блоггери жана күйөрманы Темир Жусупбеков. Ал СССР кулаар алдында Чыгыш Германияда жайгашкан зениттик-ракеталык бригадада кызмат өтөгөн миңдеген советтик аскерлердин бири болгон. Темир Жусупбеков маегинде заман оодарылган токсонунчу жылдары аскерде “Азаттык” радиосун кантип уккандыгы, социалисттик лагерь чачырап, эки Германия бириккенден кийин советтик армиянын кайтуу жараяны кандай болгондугу тууралуу айтып берди.