Нурак Абдрахманов - көөнө музыканын дыйканы
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырган атактуу комузчу Нурак Абдрахманов 2005-жылы Франциянын Сан-Шартьер фестивалына катышкан эле. Сан-Шартьер айылында жыл сайын көөнө музыканын жармаңкеси болуп турат. Бул фестивалда кабарчыбыз Жаңыл Жусупжанга Нурак Абдрахманов Карамолдонун комузундай коңур үндүү комуз чабам деп изденип келгендигин айткан эле.