Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Нигерияда эбола вирусун жугузган экинчи адам катталды


Нигерия бийлиги өлкөнүн мурдагы борбору Лагос шаарында эбола вирусун жугузуп алган экинчи адам катталганын маалымдады. Ал адам өзү врач экени жана бир нече күн мурда эбола вирусунан көз жумган бейтапты дарылаганы белгилүү болду.

Эбола вирусу февраль айында Батыш Африкада тутанып, Гвинея, Сьерра- Леоне жана Либерия өлкөлөрүнө тараган. Нигерия вирус катталган төртүнчү өлкө.

4-августта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола вирусунан көз жумгандардын саны 887 адамга жеткенин кабарлады. Либериядан вирус жуктуруп алган америкалык дарыгер дароо Атланта ооруканасына жеткирилип, атайын бөлмөгө жаткырылды.

Эболаны жок кыла турган же аны дарылай турган вакцина азыр медицинада чыга элек.

XS
SM
MD
LG