Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Прокуратура Өмүркуловдун иши боюнча доо арыз жолдойт


Прокуратура Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловдун иши боюнча борбордун Октябрь райондук сотунун чечимин туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Октябрь районунун прокурору Абдыбакыт Халмурзаев кабарлады. Анын айтымында, прокуратура учурда райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча аппелациялык сунушту шаардык сотко даярдап жатат.

1-августта Октябрь райондук соту Иса Өмүркулов баштаган мэриянын төрт кызматкерин актоо чечимин чыгарган. Өмүркулов мэр болуп турганда шаарда Жеңиш паркынын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп айыпталган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG