Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Ошто 20 килограмм маңзат табылды


Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облустук милиция кызматкерлери 31-июлда “Опель” үлгүсүндөгү автоунааны тинтүүгө алып, 3 килограммдан ашык героин табышкан. 4-августта соттун уруксаты менен кайрадан тинтилип, машиненин эшигинин ички тарабына катылган 17 килограммдан ашык маңзат табылды. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү адам камакка алынды.

Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында Кыргызстандын аймагында маңзатка байланыштуу 936 кылмыш иши аныкталды. Анын 738и ички иштер органдары, 182си Маңзат көзөмөлдөө мекемеси, жетөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, төртөө УКМК, экөө прокуратура органдары тарабынан каттоого алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG