Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Ооганстанда терроризмге шектелген кыргыз жана тажик жараны кармалды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан аймагында бир тажик, бир кыргыз жана эки ооган полиция кызматкерин террористтик иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармашты.

Алар 5-августта аймактагы контртеррористтик операциянын алкагында кармалганын жергиликтүү бийлик “Азаттык” радиосуна маалымдады.

Алыкул Ахмадкул уулу деп өзүн тааныштырган тажик жараны Куляб шаарынан экенин, көп өлкөлөрдө тыюу салынган “Жамаат Ансорулло” террористтик уюмунун мүчөсү экенин айткан. Абдулла Фармон уулу деп тааныштырган кыргыз жараны Кыргызстандагы "Кыргыз калканы" диний уюмунун мүчөсү экенин билдирген. Кармалгандар Ооганстандын түндүгүндө терракт иштерин уюштурууга камданып жатышканын моюнга алышты.

XS
SM
MD
LG