Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Дилгер Жапаровдун соту 12-августта башталат


“Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун иши 12-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу анын адвокаты Владислав Лужанский кабарлады. Анын айтымында, ишти судья Абдразак Боромбаев караган жатат.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап 29-майда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жапаров учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG