Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

БУУ: Украинадагы окуялардан улам 285 миң адам жер которду


БУУнун качкындар боюнча агенттиги Украинанын чыгышындагы окуялардан улам 285 миңден ашык адам өз үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирди. Агенттиктин Европадагы өкүлү Винсент Коштель Украинанын чыгышынан өлкөнүн башка аймактарына жер которгон 117 миң адам каттоого алынганын билдирди. Коштель Женевада журналисттерге сүйлөп жатып, бул сан өтө азайтылган болушу мүмкүн экенин четке каккан жок. Анткени көпчүлүк эркектер армияга барбаш үчүн расмий каттоого өтүүдөн баш тартышууда.

Ошондой эле БУУ өкүлүнүн маалыматына караганда, 168 миң украиналык жарандар Орусиядан убактылуу башкалка сураган.

XS
SM
MD
LG