Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Обама Африка өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугушууда


Вашингтондо Африка өлкөлөрү менен АКШ президенти Барак Обаманын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтүүдө. Америкалык маалымат каражаттары Обама бул жолугушууда алдыдагы Африка өлкөлөрү менен биргелешкен долбоорлор жөнүндө айтаарын билдиришти. Ал долбоорлордун жалпы көлөмү 14 миллиард долларды түзөт. Бул жарыяны Обама 50 өлкөнүн президенттеринин катышуусунда жасаары күтүлүүдө.

Ак үй бул долбоорлор курулуш, информатикалык технология, энергетика жана башка тармактарды камтыырын кабарлаган. Шейшемби кечте Обама Африка өлкө башчыларын атайын сый тамакка чакырат.

XS
SM
MD
LG